1
Башталыш 37:5
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Бир күнү Жусуп түш көрдү. Түшүн агаларына айтып бергенде, тигилер аны ого бетер жек көрүп калышты.
ႏွိုင္းယွဥ္
Башталыш 37:5ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
2
Башталыш 37:3
Карыганда көргөн баласы болгондуктан, Ысрайыл Жусупту башка уулдарынан артык көрчү. Ал ага кооз чапан жасатып берди.
Башталыш 37:3ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
3
Башталыш 37:4
Атасынын Жусупту өздөрүнөн артык көрөрүн билип, агалары аны жек көрүшүп, ага жылуу сөз айта албай калышты.
Башталыш 37:4ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
4
Башталыш 37:9
Жусуп кийин дагы түш көрүп, аны да агаларына айтып берди: – Уксаңар, мен дагы түш көрдүм. Түшүмдө күн, ай жана он бир жылдыз мага жүгүнүштү.
Башталыш 37:9ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
5
Башталыш 37:11
Агаларынын ичтери күйүп, атасы болсо анын сөздөрүн жадына сактап калды.
Башталыш 37:11ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
6
Башталыш 37:6-7
– Уксаңар, мен мындай түш көрдүм, – деди Жусуп аларга. – Биз талаада буудай боолап жүрүптүрбүз. Аңгыча менин боом тикесинен тик туруп калды. Силердики болсо менин боомду тегеректеп алып, ага жүгүнүштү.
Башталыш 37:6-7ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
7
Башталыш 37:20
Келгиле, көзүн тазалайлы да, сөөгүн чуңкурлардын бирине таштап салалы. Анан жырткыч айбанга жем болуптур дейбиз. Анан баягы түшүнүн эмне болорун көрөбүз», – дешти.
Башталыш 37:20ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
8
Башталыш 37:28
Мидияндык соодагерлер жанынан өтүп баратышканда, агалары Жусупту чуңкурдан чыгарышып, аны Ысмайыл уулдарына жыйырма шекел күмүшкө сатып жиберишти. Алар Жусупту Мисирге алып кетишти.
Башталыш 37:28ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
9
Башталыш 37:19
Алар бири-бирине: «Тигине, түш көргүч мырзабыз келатат.
Башталыш 37:19ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
10
Башталыш 37:18
Агалары Жусупту алыстан көрүп, ал жакын келгенче, аны өлтүрөбүз деп макулдашышты.
Башталыш 37:18ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
11
Башталыш 37:22
Анан дагы: – Кан төкпөгүлө, аны ээн талаадагы чуңкурга таштагыла, ага колуңар тийбесин! – деди. Рубен Жусупту тигилердин колунан куткарып, аны атасына кайтарайын деген ниетте ушундай деди.
Башталыш 37:22ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
ပင္မစာမ်က္ႏွာ
သမၼာက်မ္းစာ
အစီအစဥ္မ်ား
ဗီဒီယိုမ်ား