1
1 Петир 5:7
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Түйшүгүңөрдү түгөл Ага тапшыргыла, анткени Ал силер үчүн кам көрөт.
ႏွိုင္းယွဥ္
1 Петир 5:7ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
2
1 Петир 5:10
Ал эми бардык ырайымдын булагы болгон Кудай бир аз убакыт азап чеккениңерден кийин силерди кайрадан жеткилең, күчтүү, бекем жана олку-солку болбос кылат. Себеби Ал силерди Машаяк Ыйса аркылуу Өзүнүн түбөлүк даңкын бөлүшүүгө чакырган.
1 Петир 5:10ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
3
1 Петир 5:8-9
Сергек жана сак болгула. Душманыңар ибилис аркыраган арстандай кимди жеп жиберсем деп издеп жүрөт. Ага бек ишенимиңер менен каршы тургула, себеби бүт дүйнөдөгү боордошторуңар ушундай эле кыйынчылык тартып жүргөнүн билесиңер.
1 Петир 5:8-9ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
4
1 Петир 5:6
Андыктан кудуреттүү Кудайга моюн сунгула. Ал убагы келгенде силерди жогору көкөлөтөт.
1 Петир 5:6ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
5
1 Петир 5:5
Жаштар, жетекчилерге баш ийгиле. Бир бириңе кекирейбегиле, себеби «Менменсинген адамга Каршы болот Кудайым, Моюн сунган адамга Ырайымын төгөт Ал».
1 Петир 5:5ရွာေဖြေလ့လာလိုက္ပါ။
ပင္မစာမ်က္ႏွာ
သမၼာက်မ္းစာ
အစီအစဥ္မ်ား
ဗီဒီယိုမ်ား