Жашыя 6

6
Иерихонго чабуул коюуга даярдык
1Жараткан Эге Жашыяга мындай деди:
– Билип кой, Мен Иерихонду, анын падышасын эр жүрөк жоокерлери менен сенин колуңа салып бердим. 2Бүт аскерлер шаарды күн сайын бир ирет айланып чыксын. Ошентип, алты күн айлангыла. 3Жети дин кызматчы келишим сандыгынын алдында жүрсүн. Алардын ар биринде мүйүз керней болсун. Жетинчи күнү болсо шаарды жети жолу айланып чыккыла, дин кызматчылар болсо сурнайларын алып жүрүшсүн. 4Мүйүз сурнайдын тартылган үнүн укканыңарда, баарыңар жер жаңырта ураан чакырып катуу кыйкыргыла. Ошондо шаардын дубалы түбүнө чейин урап түшөт, ошондо ар ким турган жеринен шаарга чабуул коюп кирип барсын.
Иерихонду басып алуу
5Нундун уулу Жашыя дин кызматчыларды чакырып, аларга:
– Келишим сандыгын көтөргүлө, араңардан жети дин кызматчы болсо жети мүйүз сурнай алып, Жараткан Эгенин келишим сандыгынын алдында бассын, – деп айтты. 6Элге болсо:
– Баргыла, шаарды айланып баскыла. Куралданган жоокерлер болсо Жараткан Эгенин келишим сандыгынын алдында жүрсүн, – деп буйрук берди.
7Жашыя элге ушинтип айтканда, жети дин кызматчы жети сурнайды тартып, Жараткан Эгенин алдына өттү. Жараткан Эгенин келишим сандыгын болсо алардын артынан көтөрүп жөнөштү. 8Куралданган аскерлер сурнай тарткан дин кызматчылардын алдында, калгандары болсо келишим сандыгынын артында баратышты. Мүйүз сурнайлар токтобой тартылып жатты. 9Жашыя элге: «Мен силерге кыйкыргыла, деп айткан күнгө чейин кыйкырбагыла, үн чыгарбагыла, оозуңардан бир да сөз чыкпасын. Мен айтканда гана жапырт кыйкырасыңар», – деп буйрук берген эле. 10Мына ушундай кылып, Жараткан Эгенин сандыгы шаарды бир айланып чыкты. Анан бүт эл конушка кайтып келип, ал жерде түнөп калды. 11Кийинки күнү Жашыя таң заарда турду. Дин кызматчылар Жараткан Эгенин сандыгын көтөрүшүп, 12жети дин кызматчы жети сурнай тартып, Жараткан Эгенин сандыгынын алдында баратышты. Куралданган кишилер алардын алдында, калган куралчандар болсо Жараткан Эгенин сандыгынын артынан баратышты. Мүйүз сурнайлар тынымсыз тартылып жатты. 13Экинчи күнү да алар шаарды бир жолу айланып чыгып, конушка кайтып келишти. Алар алты күн ушундай кылышты. 14Жетинчи күнү алар таң сүрө баштаганда турушуп, шаарды мурдагыдай эле айланып чыгышты. Бул жолкусунда алар шаарды жети жолу айланышты. 15Жетинчи жолкусунда, дин кызматчылар сурнай тартып жаткан убакта, Жашыя элге:
– Кыйкыргыла! Жараткан Эге шаарды бизге берди! – деп жар салды. 16– Шаарды, андагынын баарын Жараткан Эгеге садага чаап, жок кылгыла. Сойку аял Рахапты, анын үйүндөгүлөрдү гана тирүү калтыргыла, анткени ал биз жөнөткөн чалгынчыларды жашырып калган. 17Бирок садага чабылган нерселерден сактангыла! Садага чабылган нерселерден эч нерсени албагыла. Эгерде алсаңар, өзүңөр да садага чабылган болуп каласыңар, ысрайыл конушу да кырсыкка кабылат. 18Алтын менен күмүштүн баары, ошондой эле жез, темир буюмдар Жараткан Эгеге арналып, ыйык буюмдар деп эсептелсин. Алар Жараткан Эгебинин казынасына киргизилсин.
19Ошентип, сурнайлар тартыла баштады. Эл сурнайлардын үнүн укканда, аба жара кыйкырып жиберди. Ошондо шаардын дубалдары түбүнө чейин кулап түштү. Ар бир жоокер турган жеринен калаага кол салып, аны басып алды. 20Алар шаардагынын баарын садага чаап, эркек-аялды, жаш-карыны, ири-майда малды, эшектерди – жан бүткөндүн баарын кылыч мизине алышты.
Рахаптын үйүндөгүлөрдүн аман калышы
21Жер чалганы барган эки жигитке Жашыя мындай деди:
– Бузулган аялдын үйүнө баргыла, аны үйүндөгүлөрү менен чогуу алып келгиле, себеби силер ага ант берип койгон экенсиңер. 22Чалгынчылыкка барган эки жигит барды да, Рахапты, анын ата-энесин, бир туугандарын жана үйүндө болгон бардык урук-туугандарын алып чыгып, Ысрайыл конушунун сыртында калтырды. 23Анан шаарды, андагынын баарын өрттөп жиберишти. Алтын менен күмүштү, анан дагы жез, темир буюмдарды болсо Жараткан Эгенин үйүнүн казынасына беришти. 24Ал эми бузулган аял Рахапты, анын үй-бүлөсүн жана атасынын урук-тууганын Жашыя тирүү калтырды. Анткени ал Жашыя Иерихонго чалгынга жиберген адамдарды жашырып калган. Анын үй-бүлөсү ысрайылдардын арасында бүгүн да жашап келе жатышат.
Иерихон шаарынын түбөлүк каргышталышы
25Ошол күнү Жашыя мындай деп каргыш жарыялады:
– Ушул Иерихон шаарын кайрадан курган адам Жараткан Эгенин каргышына калсын. Пайдубалын түптөгөндө, тун уулунан айрылсын. Дарбазасын койгондо, кенже уулу каза болсун.
26Жараткан Эге Жашыяны колдоп, анын атагы бүт жерге тарады.

നിലവിൽ തിരഞ്ഞെടുത്തിരിക്കുന്നു:

Жашыя 6: КЫРИ

ഹൈലൈറ്റ് ചെയ്യുക

പങ്ക് വെക്കു

പകർത്തുക

None

നിങ്ങളുടെ എല്ലാ ഉപകരണങ്ങളിലും ഹൈലൈറ്റുകൾ സംരക്ഷിക്കാൻ ആഗ്രഹിക്കുന്നുണ്ടോ? സൈൻ അപ്പ് ചെയ്യുക അല്ലെങ്കിൽ സൈൻ ഇൻ ചെയ്യുക