Жашыя 5

5
Гилгалдагы сүннөткө отургузуу
1Ысрайыл эли Иордандан өтүп бүткөнчө, Жараткан Эге дарыянын суусун токтотуп койду. Муну Иордандын батыш жагындагы аморлордун бардык падышалары, анан дагы деңиз жээгиндеги Канаандын бардык падышалары укканда жүрөгү мокоп, Ысрайыл элине каршы турууга даремети калган жок. 2Ошондо Жараткан Эге Жашыяга:
– Таш бычактарды жасап, Ысрайыл уулдарынын жаңы муунун сүннөткө олтургуз, – деди.
3Жашыя таш бычактарды жасатып, Ысрайыл эркектерин Сүннөт-Дөбө деп аталган жерде сүннөткө кылдырды. 4Жашыянын Ысрайыл уулдарын сүннөткө олтургузган себеби мындай: Мисирден чыккандан кийин, согушка жарактуу эркектин баары чөлдө каза болгон эле. 5Мисирден чыккан эркектердин баары сүннөткө олтургузулган болчу, ал эми Мисирден чыккандан кийин чөлдөгү сапарда төрөлгөндөр болсо сүннөттөлгөн эмес эле. 6Мисирден чыккан элдин согушка жарактуу эркектери өлүп бүткөнчө, Ысрайыл уулдары кырк жыл чөлдө жер кезип жүрүштү. Себеби алар Жараткан Эгеге моюн сунбай коюшкан. Ошондуктан Жараткан Эге аларга: «Аталарыңарга берем деген сүт менен бал аккан жерди көрбөйсүңөр», – деп ант берген болчу. 7Алардын ордун баскан уулдарын Жашыя сүннөткө отургузду. Алар чөл кезип жүргөндө сүннөткө олтургузулган эмес болчу. 8Эркек аттуунун баары сүннөткө олтургузулгандан кийин, айыкканча конушта калышты. 9Ошондо Жараткан Эге Жашыяга:
– Мисирде силерге басылган кулчулуктун эн тамгасын Мен өчүрүп салдым, – деди.
Ошондуктан ал жер ушул күнгө чейин Гилгал#5:9 Гилгал – оодаруу, которуу деп аталып калган.
Кыя өтүү майрамы
10Гилгалга конуш курган Ысрайыл эли, ошол айдын он төртүнчү күнү кечинде Иерихондун жанындагы түздүктө Кыя өтүү майрамын өткөрдү. 11Кыя өтүү майрамынын эртеси алар Канаандын түшүмүнөн жасалган калама менен бадырак жешти. 12Ошол жылы Ысрайыл эли Канаан жеринин түшүмүнөн жей баштады. Ал жердин түшүмүнөн жей баштаган күндүн эртесинен баштап манна жаабай калды. Ошондон тартып ысрайылдар маннаны көрүшкөн жок.
Сырдуу жолугушуу
13Жашыя Иерихондон алыс эмес жерде турган. Бир убакта ал баш көтөрүп караса, маңдайында жалаңдаган кылыч кармаган бир киши туруптур. Жашыя ага жакын басып келип:
– Сен биздин кишисиңби же жоо тараптансыңбы? – деп сурады. 14Ал:
– Жок, Мен Жараткан Эгенин асман аскерлеринин башчысымын. Мен сага келдим, – деп жооп берди.
Жашыя жерге жүздөмөндөп жыгылып:
– Мырзам, кулуңузга кандай буйругуңуз бар? – деп сурады.
15Жараткан Эгенин асман аскерлеринин башчысы Жашыяга:
– Бут кийимиңди чеч, сен турган жер ыйык, – деди.
Жашыя так ошондой кылды.
16Ошол күндөрү ысрайыл элинен корккондуктан, иерихондуктар шаардын дарбазаларын бекем жаап алышты. Шаардан эч ким чыкпай да, ага эч ким кирбей да калды.

നിലവിൽ തിരഞ്ഞെടുത്തിരിക്കുന്നു:

Жашыя 5: КЫРИ

ഹൈലൈറ്റ് ചെയ്യുക

പങ്ക് വെക്കു

പകർത്തുക

None

നിങ്ങളുടെ എല്ലാ ഉപകരണങ്ങളിലും ഹൈലൈറ്റുകൾ സംരക്ഷിക്കാൻ ആഗ്രഹിക്കുന്നുണ്ടോ? സൈൻ അപ്പ് ചെയ്യുക അല്ലെങ്കിൽ സൈൻ ഇൻ ചെയ്യുക