1
Марк 9:23
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Эгер колумдан келсеби? – деди Ыйса ага. – Ким ишенсе, ага баарын жасай алам.
താരതമ്യം
Марк 9:23 പര്യവേക്ഷണം ചെയ്യുക
2
Марк 9:24
Баланын атасы ошол замат: – Ишенем! Дагы катуураак ишенгенге жардам кылагөр! – деп боздоп жиберди.
Марк 9:24 പര്യവേക്ഷണം ചെയ്യുക
3
Марк 9:28-29
Ыйса үйгө киргенде, шакирттери Андан өзүнчө: – Эмне үчүн биз аны кубалап чыга албадык? – деп сурашты. Ыйса: – Аны сыйынуу менен гана кууп чыгарууга болот! – деп жооп берди.
Марк 9:28-29 പര്യവേക്ഷണം ചെയ്യുക
4
Марк 9:50
Туз – жакшы нерсе! Эгер ал даамын жоготсо, аны кантип калыбына келтиресиң? Жан-дүйнөңөрдө «туз» болсун жана өз ара ынтымактуу жашагыла.
Марк 9:50 പര്യവേക്ഷണം ചെയ്യുക
5
Марк 9:37
Ким ушундай балдардын бирин Мен үчүн кабыл алса, Мени кабыл алганы, ал эми ким Мени кабыл алса, Мени эмес, Мени Жибергенди кабыл алганы, – деди.
Марк 9:37 പര്യവേക്ഷണം ചെയ്യുക
6
Марк 9:41
Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ким силерге «булар Машаякка караштуулар» деп, Мен үчүн бир чыны суу берсе, ал сөзсүз өз сыйлыгын алат.
Марк 9:41 പര്യവേക്ഷണം ചെയ്യുക
7
Марк 9:42
Ал эми кимде-ким Мага ишенген мына бул кичинекейлердин бирин азгырып, күнөөгө батырса, ал үчүн мойнуна тегирмендин ташы байланып, деңизге ыргытылганы оң болмок.
Марк 9:42 പര്യവേക്ഷണം ചെയ്യുക
8
Марк 9:47
Эгерде сени көзүң күнөөгө азгырып жатса, анда аны чукуп сал! Эки көзүң соо тозокко ыргытылгандан көрө, бир көзүң менен бейишке чыкканың жакшы.
Марк 9:47 പര്യവേക്ഷണം ചെയ്യുക
ആദ്യത്തെ സ്ക്രീൻ
വേദപുസ്തകം
പദ്ധതികൾ
വീഡിയോകൾ