Оо, Иуда, макташат
Сени бир туугандарың.
Кастарыңды желкеден
Колуң менен кармайсың.
Бүт уулдары атаңдын
Сага таазим кылышат.
Жаш арстансың, Иуда.
Олжоңду алып, оо, уулум,
Кайтып келе жатасың.
Арстанга окшоп суналып,
Жерге жатып алганда,
Деги кимдер даай алат
Тургузууга эми аны?