Матай 22:19-21
Матай 22:19-21 КЫРИ
Мага салыкка төлөнө турган бир күмүш теңгени көрсөткүлөчү! – деди. Алар бир күмүш теңгени алып келишти. – Анан бетиндеги сүрөт менен жазуу кимдики экен? – деди Ыйса ошондо аларга карап. – Падышаныкы, – дешти алар. Ыйса: – Анда падышаныкын падышага, Кудайдыкын Кудайга бергиле! – деди.