Akara Njirimara YouVersion
Akara Eji Eme Ọchịchọ

Галатиялыктар 6

6
Бири бириңерге кызмат кылгыла
1Боордошторум, эгерде араңардан бирөөнүн Кудайга жакпаган иш кылганын билип калсаңар, анда Рухта жетилгениңер аны мээримдүүлүк менен туура жолго салып койгонуңар абзел. Бирок абайлагыла, өзүңөр да кошо күнөөгө азгырылып кетпегиле. 2Кыйынчылыкта бири бириңерге жөлөк-таяк болгула. Ошондо гана Машаяктын мыйзамын аткарасыңар. 3Анткени кимде-ким эч нерсеге татыбай туруп, кыйынсынып бой көтөрсө, бул анын өзүн өзү алдаганы. 4Андан көрө, ар бириңер өзүңөрдүн кылганыңарды байкап, сынап жүргүлө. Ошондо сыймыктансаңар да, өз ишиңер менен сыймыктанып, башкаларды кароонун кажети жок болот. 5Ар кимдин өз түйшүгү бар.
6Кимде ким башка бирөөдөн Кудай Сөзү боюнча таалим алса, колунда барын устаты менен бөлүшсүн.
7Алданбагыла: Кудай эч качан уят болбойт. Ким эмнени эксе, ошону орот. 8Күнөөлүү табиятына азгырылып, өз керт башын гана ойлогон адамдын эккени өлүмгө алып келет. Ал эми Рухтун жетеги менен эккени Рухтан түбөлүк өмүр энчисин табат. 9Жакшылык кылсак, талыкпай мээнеттенели. Ошондо акырына чейин чыдай алсак, өз убагында эмгегибиздин үзүрүн көрөбүз. 10Ошондуктан, мүмкүнчүлүк барда бардыгына, эң алды бизге ишеним аркылуу боордош болгондорго жакшылык кылалы.
Соңку сөз: акырына чейин ишенимдүү болгула
11Эми мынабу чоң тамгалар менен жазылганына көңүл бурсаңар. Бул – менин өз колум менен жазганым. 12Адамдарга жагыныш үчүн силерди сүннөткө олтурууга мажбурлагандар муну Машаяк керилген айкаш жыгач үчүн куугунтук жегиси келбегендиктен гана жасап жатышат. 13Алар сүннөткө олтурганы менен, өздөрү деле Тоорат мыйзамын аткарышпайт. Ал эми силерге сүннөткө олтурууну таңуулап жатканы башкалардын мактоосуна татыш үчүн гана. 14Мен болсо Эгебиз Ыйса Машаяктын айкаш жыгачынан башка эч нерсе менен мактангым келбейт. Ал аркылуу бул дүйнө – мен үчүн, мен – бул дүйнө үчүн жокмун. 15Сүннөткө олтурган-олтурбаганыбыздын эч мааниси жок. Маанилүүсү – Кудай Рухунан кайрадан жаралганыңар. 16Дал ушул негизге таянып жашагандардын, Кудай элинин – чыныгы Ысрайыл болгондордун баарын Анын тынчтыгы менен кайрымы коштосун!
17Мындан ары эч ким мага ушуга окшогон кыйынчылык туудурбасын. Себеби этимдеги жараттар Ыйсанын басылган тамгасы сыяктуу. Бул мен Анын кызматчысы экенимди айгинелейт.
18Эгебиз Ыйса Машаяктын ырайымы рухуңарга тирек болсун, боордошторум! Оомийин.

Mee ka ọ bụrụ isi

Kesaa

Mapịa

None

Ịchọrọ ka echekwaara gị ihe ndị gasị ị mere ka ha pụta ìhè ná ngwaọrụ gị niile? Debanye aha gị ma ọ bụ mee mbanye