Akara Njirimara YouVersion
Akara Eji Eme Ọchịchọ

Эстер 10

10
Мордохайдын зоболосунун көтөрүлүшү
1Ахашверош падыша өз падышалыгындагы кургактыктан баштап деңиз аралдарына чейин салык салды. 2Ахашвероштун күч-кубаты, кудурети жана бардык иштери, ошондой эле Мордохайга урмат көрсөтүп, анын даражасын жогорулаткандыгы жөнүндө «Мадай жана Персия падышаларынын жылнаамасы» китебине жазылган.
3Иуда Мордохай даражасы боюнча Ахашверош падышадан кийинки экинчи адам болду. Ал өз элинин камын ойлоп, анын жыргалчылыгы жөнүндө гана сөз кылгандыктан, Мордохай иудалардын арасында кадыр-барктуу болуп, эли аны терең урматтаган.

Nke Ahọpụtara Ugbu A:

Эстер 10: КЫРИ

Mee ka ọ bụrụ isi

Kesaa

Mapịa

None

Ịchọrọ ka echekwaara gị ihe ndị gasị ị mere ka ha pụta ìhè ná ngwaọrụ gị niile? Debanye aha gị ma ọ bụ mee mbanye