1
Римдиктерге 6:23
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Анткени күнөөнүн куну – өлүм, Кудайдын тартуусу болсо – Эгебиз Машаяк Ыйса менен биримдикте боло турган түбөлүк өмүр.
Lee anya n'etiti ihe abụọ
Nyochaa Римдиктерге 6:23
2
Римдиктерге 6:14
Өзүңөрдү күнөөгө багындырбагыла, себеби силер Тоорат мыйзамы боюнча эмес, Кудайдын ырайымы менен жашайсыңар.
Nyochaa Римдиктерге 6:14
3
Римдиктерге 6:4
Ошентип, чөмүлүү аркылуу Аны менен кошо өлүп, кошо көргө коюлдук. Эми болсо Атабыздын улуу кудурети менен өлүктөрдөн тирилген Машаякка окшоп биз да жаңы өмүргө ээ боло алабыз.
Nyochaa Римдиктерге 6:4
4
Римдиктерге 6:13
Денеңердин бир да мүчөсүн күнөөгө жумшабагыла да жамандыктын куралы кылбагыла. Андан көрө, өлүмдөн өмүргө өткөн өзүңөрдү Кудайга тапшырып, денеңердин мүчөлөрүн жакшылыктын куралы кылгыла.
Nyochaa Римдиктерге 6:13
5
Римдиктерге 6:6
Биз билгендей, мурдагы күнөөлүү табиятыбыз күчүн жоготуп, биз мындан ары күнөөгө кул болбош үчүн эски табиятыбыз Машаяк менен кошо айкаш жыгачка керилген
Nyochaa Римдиктерге 6:6
6
Римдиктерге 6:11
Ошонун сыңарындай, силер да өзүңөрдү күнөө үчүн өлүк эсептеп, Машаяк Ыйса менен Кудай үчүн жашагыла.
Nyochaa Римдиктерге 6:11
7
Римдиктерге 6:1-2
Эми биз эмне дешибиз керек? Ырайым көбөйсүн үчүн күнөөдө кала берели деппи? Албетте, жок! Күнөө бизди эми эч нерсе кыла албайт. Андай болсо, мындан ары кантип күнөө кылып жашамак элек?
Nyochaa Римдиктерге 6:1-2
8
Римдиктерге 6:16
Же өзүңөрдү кимдир бирөөгө кул кылып багындырсаңар, анда кимге баш ийсеңер, ошонун кулу болоруңарды билген жок белеңер? Демек, силер же күнөөгө кул болуп, ал силерди өлүмгө алып келет, же Кудайга кул болуп, тил алчаактыгыңар силерди адил кылат.
Nyochaa Римдиктерге 6:16
9
Римдиктерге 6:17-18
Бирок Кудайга шүкүр, бир кезде күнөөнүн кулу болгон силер эми алган таалимиңерге бүт жан-дилиңер менен баш ийдиңер. Ошентип, күнөөнүн кулчулугунан бошонуп, силер эми адилдиктин кулдары болдуңар.
Nyochaa Римдиктерге 6:17-18
Ebe Mmepe Nke Mbụ Nke Ngwá
Akwụkwọ Nsọ
Atụmatụ Ihe Ogụgụ Gasị
Vidiyo Gasị