1
Матай 11:28
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Оор мээнеттин каамытынан башы чыкпай, түйшүк жүгүн көтөрүп жүрүп, чарчап-чаалыккандар, баарыңар Мага келгиле! Мен силерди эс алдырам.
Lee anya n'etiti ihe abụọ
Nyochaa Матай 11:28
2
Матай 11:29
Менин каамытымды кийип, Менден таалим алгыла, анткени Мен жоош-момунмун жана жөнөкөймүн. Ошондо жаныңар жай табат.
Nyochaa Матай 11:29
3
Матай 11:30
Анткени Менин каамытым жакшы, жүгүм жеңил.
Nyochaa Матай 11:30
4
Матай 11:27
Атам бардыгын Мага өткөрүп берген. Уулунун ким экенин Атасынан башка эч ким жакшы билбейт. Атасын ким экенин да Уулунан жана Уулу ачып көрсөткүсү келгендерден башка эч ким жакшы билбейт.
Nyochaa Матай 11:27
5
Матай 11:4-5
Ыйса аларга: – Баргыла, уккан-көргөнүңөрдү Жакыяга айтып бергиле: сокурлардын көзү көрүп, буту шал болгондор басып, пес оорулуулар айыгып, дүлөйлөр угуп, өлгөндөр кайра тирилип, жакырларга Жакшы Кабар тарап жатат.
Nyochaa Матай 11:4-5
6
Матай 11:15
Уга турган кулагы барлар уксун!
Nyochaa Матай 11:15
Ebe Mmepe Nke Mbụ Nke Ngwá
Akwụkwọ Nsọ
Atụmatụ Ihe Ogụgụ Gasị
Vidiyo Gasị