1
Лука 10:19
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Мына, мен силерге жыландар менен чаяндарды таптап, жоонун бардык күчтөрүн жеңе турган бийлик бердим. Эч нерсе силерге зыян кыла албайт.
Lee anya n'etiti ihe abụọ
Nyochaa Лука 10:19
2
Лука 10:41-42
Ээ, Марта, Марта! – деди ага Ыйса, – сен убара болуп, көп түйшүк тартасың. Бирок керектүүсү – бир эле нерсе. Мариям жакшы жагын тандап алды, муну андан эч ким тартып ала албайт.
Nyochaa Лука 10:41-42
3
Лука 10:27
«Кудай Эгеңди чын жүрөктөн, бүткүл жан дүйнөң менен, бар күч-кубатың менен, бардык акыл-оюң менен сүй жана башкаларды өзүңдү сүйгөндөй сүй!» – деп жазылган.
Nyochaa Лука 10:27
4
Лука 10:2
Оро турган эгин көп, бирок орокчулар аз. Андыктан Өз эгин талаасына орокчуларды жөнөтсүн үчүн эгин Эгесине жалынгыла.
Nyochaa Лука 10:2
5
Лука 10:36-37
Эми сен кандай деп ойлойсуң: ушул үчөөнүн кимиси каракчыларга туш болгон кишиге жакын адам болот? Мыйзамчыл Ыйсага карап: – Албетте, кайрым кылганы, – деп жооп берди. – Бар, сен да ушундай кыл! – деди Ыйса ага.
Nyochaa Лука 10:36-37
6
Лука 10:3
Кана эмесе, баргыла, Мен силерди карышкырлардын арасына козуларды жибергендей жөнөтүп жатам.
Nyochaa Лука 10:3
Ebe Mmepe Nke Mbụ Nke Ngwá
Akwụkwọ Nsọ
Atụmatụ Ihe Ogụgụ Gasị
Vidiyo Gasị