1
1 Корунттуктар 13:4-5
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Сүйүүнүн чыдамы мол, кайрымы зор, Кызганбайт, мактанбайт ал, бой көтөрбөйт. Адепсиздик кылбайт сүйүү, керт башынын Пайдасын көздөбөйт да ачуусуна Алдырбайт, башкаларга кек сактабайт.
Lee anya n'etiti ihe abụọ
Nyochaa 1 Корунттуктар 13:4-5
2
1 Корунттуктар 13:7
Баарына болот сүйүү көтөрүмдүү, Эч жазбайт ишенимден, колун үзбөйт Үмүттөн, бардыгына чыдап келет.
Nyochaa 1 Корунттуктар 13:7
3
1 Корунттуктар 13:6
Сүйүүнү кубандырбайт адилетсиздик, Акыйкат өкүм сүрсө сүйүнөт ал.
Nyochaa 1 Корунттуктар 13:6
4
1 Корунттуктар 13:13
Ошентип, үч нерсе бар ушул тапта: Ишеним, үмүт, сүйүү. Бул үчөөнөн Баарынан улуусу бар. Ошол – сүйүү.
Nyochaa 1 Корунттуктар 13:13
5
1 Корунттуктар 13:8
Пайгамбарлык сөз айтуу токтойт бир күн, Сүйлөнбөй кала берет бөтөн тилдер, Жоюлат билим дагы. Бирок сүйүү Жок болбой, түбөлүккө өмүр сүрөт.
Nyochaa 1 Корунттуктар 13:8
6
1 Корунттуктар 13:1
Адамдык тилде сүйлөп, ал гана эмес, Периштелер тилинде сүйлөп жатып, Ал эми башкаларды сүйө албасам, Каңгыраган жездин же даңгыраган Темирдин доошунан эмнем артык?
Nyochaa 1 Корунттуктар 13:1
7
1 Корунттуктар 13:2
Пайгамбар касиетин Кудай берип, Түшүнүп турсам дагы бүт сырларды, Билимдин чокусуна жетип барып, Тоолорду козгой алган ишенимге Ээ болуп, ошондо да сүйө албасам, Анда мен эч нерсеге татыбаймын.
Nyochaa 1 Корунттуктар 13:2
8
1 Корунттуктар 13:3
Таратып колумдагы мал-мүлкүмдү Жардыларга, денемди азаптарга, Бүтүндөй өрттөлүүгө берип салып Дагеле башкаларды сүйө албасам, Анымдан түк пайда да болбойт мага.
Nyochaa 1 Корунттуктар 13:3
9
1 Корунттуктар 13:11
Кичинемде балача сүйлөп мен да, Балача баамдап баарын, ой жүгүрткөм. Ал эми эр жеткенде таштап салдым Мурдагы жаш балалык адатымды.
Nyochaa 1 Корунттуктар 13:11
Ebe Mmepe Nke Mbụ Nke Ngwá
Akwụkwọ Nsọ
Atụmatụ Ihe Ogụgụ Gasị
Vidiyo Gasị