1
Лука 9:23
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Ыйса элге кайрылып мындай деди: – Кимде-ким Мени ээрчигиси келсе, өз кызыкчылыктарынан баш тартсын, күн сайын өз айкаш жыгачын көтөрүп, жанынан кечүүгө даяр болуп, артыман түшсүн.
Compare
Лука 9:23 ખોજ કરો
2
Лука 9:24
Анткени ким өз жанын сактап калам десе, аны жоготот, ал эми ким Мен үчүн жанынан кечсе, ал ага кайрадан ээ болот.
Лука 9:24 ખોજ કરો
3
Лука 9:62
Ыйса ага жооп кайтарып: – Минткениң сени Кудай Падышачылыгына ылайыксыз кылат. Себеби буурусунду кармап, артына кылчактаган адамдай болуп жатасың, – деди.
Лука 9:62 ખોજ કરો
4
Лука 9:25
Бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок өзүн өзү куруткандан же өз жанынан айрылгандан адамга не пайда?
Лука 9:25 ખોજ કરો
5
Лука 9:26
Кимде-ким Менден же Менин сөздөрүмдөн баш тартса, анда Адам Уулу да Өзүнүн, Атасынын жана ыйык периштелердин кудурети менен көктөн келгенде, андан баш тартат.
Лука 9:26 ખોજ કરો
6
Лука 9:58
Ыйса ага: – Түлкүлөрдүн ийини, чымчыктардын уясы бар. Адам Уулунун болсо баш калкалаар жайы жок, – деди.
Лука 9:58 ખોજ કરો
7
Лука 9:48
Ким ушундай баланы Мен үчүн кабыл алса, Мени кабыл алганы. Мени кабыл алса, Мени Жибергенди кабыл алганы. Анткени араңардагы эң кичүүдөй болуп жүргөнү баарынан улуу.
Лука 9:48 ખોજ કરો
હોમ
બાઇબલ
યોજનાઓ
વિડિઓઝ