Башталыш 1

1
Асман-жердин жаралышы
1Адегенде Кудай асман-жерди жаратты. 2Жер каңгырап, ээн жатты. Туңгуюктун үстүн караңгылык каптап турду. Кудайдын Руху суу үстүндө каалгып учуп жүрдү.
3Ошондо Кудай: «Жарык болсун!» – деди, анан жарык пайда болду. 4Кудай жарыктын жакшы экенин көрүп, жарыкты караңгылыктан бөлдү, 5жарыкты «күн», караңгылыкты «түн» деп атады. Кеч кирип, таң атты, биринчи күн өттү.
6Анан Кудай: «Суунун ортосунда катмар пайда болуп, сууну суудан бөлүп турсун!» – деп буюрду. 7Катмарды жасап, анын алдындагы сууну үстүндөгү суудан бөлдү. Анан ошондой болду. 8Кудай катмарды «асман» деп атады. Кеч кирип, таң атты, экинчи күн өттү.
9Анан Кудай: «Асман алдындагы суу бир жерге чогулуп, кургактык көрүнсүн!» – деди. Анан ошондой болду. 10Кудай кургакты «жер», чогулган сууну «мухит» деп атады. Ал мунун жакшы экенин көрдү. 11Кудай анан: «Жер жашыл өсүмдүктөрдү: урук чаччу өсүмдүктөрдү жана данеги бар жемиш бактарын түр-түрү менен өстүрүп чыгарсын!» – деп буюрду. Анан ошондой болду. 12Жер жашыл өсүмдүктөрдү: түрүнө жараша урук чаччу өсүмдүктөрдү жана данеги бар жемиш бактарын өстүрүп чыгарды. Кудай мунун жакшы экенин көрдү. 13Кеч кирип, таң атты, үчүнчү күн өттү.
14Андан кийин Кудай: «Асман катмарында күн менен түндү бири-биринен ажыратып, мезгилдерди, күндөрдү жана жылдарды белгилеп турган чырактар болсун! 15Алар жерге нурун чачуу үчүн асманда жаркырасын!» – деп буюрду. Анан ошондой болду. 16Кудай чоңурагы күндүз, кичиреги түнкүсүн башкарып турган эки зор чыракты, ошондой эле жылдыздарды да жаратты. 17Жерге жарыгын тийгизип, 18күн менен түндү бийлеп, жарыкты караңгыдан ажыратуу үчүн аларды асман катмарында жайгаштырды. Кудай мунун да жакшы экенин көрдү. 19Кеч кирип, таң атты, төртүнчү күн өттү.
20Андан кийин Кудай: «Суу жайнаган тирүү жандыктарга толсун, жер үстүндө, асман мейкиндигинде куштар учсун!» – деп буюрду. 21Анан Ал сууну мекендей турган укмуштай зор жаныбарларды, сууда сүзүүчү башка да жан-жаныбарлар менен жандыктардын бардыгын түр-түрү менен, ошону менен бирге канаттуулардын бардыгын түр-түрү менен жаратты. Кудай мунун жакшы экенин көрдү. 22Аларга батасын берип: «Өсүп-өнүп көбөйгүлө, деңиздерди толтургула, куштар да жер бетинде көбөйсүн!» – деп буюрду. 23Кеч кирип, таң атты, бешинчи күн өттү.
24Анан Кудай: «Жер ар кандай тирүү жандыктарды: малды, жапайы жаныбарларды жана майда жаныбарларды түр-түрү менен чыгарсын!» – деп буюрду. Анан ушундай болду. 25Кудай ар кандай жапайы жаныбарларды, малды жана майда жаныбарлардын баарын түр-түрү менен жаратты. Ал мунун жакшы экенин көрдү.
26Кудай анан: «Өз бейнебиздей, Өзүбүзгө окшош адам жараталы. Ал деңиздеги балыктар менен асмандагы куштарга, малга, бүткүл жер жүзүнө жана майда жаныбарлардын баарына бийлик жүргүзсүн!» – деди.
27Ушундайча Кудай адамды Өз бейнесиндей, Өзүнө окшотуп жаратты. Аларды эркек жана аял кылып жаратты. 28Аларга батасын берип: «Укумдап-тукумдагыла, көбөйгүлө! Жер бетине жайылып, ага ээлик кылгыла жана деңиздеги балыктарга, асмандагы куштарга, жер бетиндеги жаныбарлардын баарына бийлик кылгыла!» – деди. 29Анан Кудай: «Мына, Мен силерге жер бетиндеги урук чача турган өсүмдүктөрдү жана данеги бар жемиш бактарын түр-түрү менен бердим, булар силерге азык болсун. 30Ал эми бардык айбандарга, асмандагы бүт куштарга жана бардык майда жаныбарларга – тирүү жандын түгөл баарына көк чөп аталганды азык кылып бердим», – деди. Анан ошондой болду. 31Кудай Өзү жараткандын баарын карап, алардын өтө жакшы экенин көрдү. Кеч кирип, таң атты, алтынчы күн өттү.

Zur Zeit ausgewählt:

Башталыш 1: КЫРИ

Markierung

Teilen

Kopieren

None

Möchtest du deine gespeicherten Markierungen auf allen deinen Geräten sehen? Erstelle ein kostenloses Konto oder melde dich an.

YouVersion verwendet Cookies, um deine Erfahrung zu personalisieren. Durch die Nutzung unserer Webseite akzeptierst du unsere Verwendung von Cookies, wie in unserer Datenschutzrichtlinie beschrieben