Римдиктерге 9
9
Кудай жана Анын эли
1Машаякка таандык адам катары чындыгын айтып жатам (сөзүм жалган эмес экендигине Ыйык Рухка багынган абийирим күбө): 2зор кайгыга батып, жаным тынбай сыздап, 3каныбыз бир боордошторумдун куткарылышы үчүн өзүм каргышка калып, Машаяктан айрылышым керек болсо, ошого да даяр элем. 4Алар – ысрайылдар, Кудайдын асырап алган, даңкына бөлөгөн, келишим түзүп, Тоорат мыйзамын калтырган, чыныгы ийбадат кылып, Анын убадаларын энчилеген эли. 5Алар атактуу ата-бабалардан тарап, адам кейпин кийип келген Машаяк да ушул элден чыккан. Ал бардыгынан жогору туруп, бардыгын бийлеген Кудай. Ага түбөлүк алкыш болсун! Оомийин.
6Бирок ысрайылдардын көпчүлүгү Машаякты кабыл албаса да, Кудай аларга берген убадасын аткарбай койду дегенге болбойт, анткени ысрайылдык болуп туулгандын баары эле чыныгы ысрайылдык эмес. 7Ыбрайымдын урпактары да толугу менен анын балдары эмес. Кудай ага: «Ыскактын урпактары гана сенин тукумуң аталат»#9:7 Башт. 21:12. – деген. 8Башкача айтканда, Ыбрайымдан тарагандардын баары эле Кудайдын балдары боло бербейт. Убада боюнча туулгандары гана чыныгы урпак болуп эсептелет. 9Кудайдын убадасы болсо бул: «Эмки жылы, дал ушул убакта Мен кайра келем да, аялың Саранын уулу болот».#9:9 Башт. 18:10.
10Бул гана эмес. Бабабыз Ыскактан боюна эгиз уул бүткөн Рабига да ушундай болгон. 11-12Балдары али туула электе эле, эч жамандык же жакшылык кыла электе эле, Кудай алардын бирин тандап алып, Рабигага: «улуусу кичүүсүнө кызмат кылат»,#9:11-12 Башт. 25:23. – деген. Ошону менен Ал адамды кылган ишине жараша эмес, тек гана Өзүнүн максатына ылайык тандаарын көрсөткөн. 13Ыйык Жазууда айтылгандай,
«Жакыпты жакшы көрүп,
Эйсапты жаратпадым».#9:13 Мал. 1:2-3.
14Буга биз эмне дей алабыз? Кудай адилетсиз деп айта алабызбы? Албетте, анте албайбыз. 15Анткени Мусага Ал мындай деген болчу:
«Кимге ырайым этсем, ошого ырайымдуу болом,
Кимге боорум ачыса, ошону аяйм».#9:15 Чыг. 33:19.
16Ошентип, бардыгы адамдын каалоосунан же кылган аракетинен эмес, кайрым көрсөтчү Кудайдын эркинен болот. 17Ыйык Жазууда Кудайдын фараонго мындай дегени бар: «Кудуретимди сен аркылуу көрсөтүп, ысмымды жер жүзүнө жар салыш үчүн гана Мен сенин зоболоңду бийик көтөрдүм».#9:17 Чыг. 9:16. 18Демек, кимге кайрымдуу болорун, кимди катаал кыларын Кудай Өзү билет.
Кудайдын каары жана кайрымы
19Бирөөңөр мага айтарсыңар: «Андай болсо, эмне үчүн Ал бизди айыпка жыгат? Анын эркине каршы турар бирөө барбы?» 20Эй, пенде, деги Кудай менен акыйлашкандай сен ким элең? Жасалган буюм өзүн жасаганга: «Эмне үчүн сен мени ушундай кылып койдуң», – демек беле? 21Бир эле топурактан кымбат баалуу кумура да, жөнөкөй идиш да жасаш карапачынын өз эрки эмеспи?
22Анын сыңарындай, Кудай да адамзатка Өз каарын көрсөткүсү, Өзүнүн улуу кудуретин билдиргиси келет. Бирок, ошого карабай, каарына калып, курут боло тургандарды көпкө чейин кыйратпай чыдап келди. 23Минткени Анын ырайымына татып, даңкына бөлөнүүгө даярдалгандарга Өзүнүн чексиз улуулугун көрсөтүш үчүн болсочу? 24Ал бизди иудейлердин арасынан гана эмес, башка элдердин ичинен да чакырып алды. 25Ошуя китебинде бул тууралуу Кудай мындай дейт:
«Менин элим болбогон элди алып,
Аларды Мен Өз элим атап коём.
Мурда Өзүм сүйбөгөн элди алып,
Аларды сүйгөн элим атап коём».#9:25 Ош. 2:23.
26«Эми алар: силер Менин элим эмес, –
Деп мурда айткан жердин дал өзүндө
Аталат тирүү Кудай балдары деп».#9:26 Ош. 1:10.
27Ышая да Ысрайыл элине мындай деп жар салат:
«Ысрайылдын уулдары
Көк деңиздин жээгинде
Жаткан сансыз кумга окшоп
Көп болсо да, алардын
Сакталганы аз болот.
28Анткени жер үстүндө
Өз өкүмүн Эгедер
Чечкиндүү да тезден-тез
Аткарганы калыптыр».#9:27-28 Ыш. 10:22-23.
29Ышая алдын ала айткандай:
«Кудуреттүү Кудайым
Тукумунан элимдин
Калтырбаса бир азын,
Кыйрайт элек анда биз
Гомор менен Содомдой».#9:29 Ыш. 1:9.
Ысрайыл жана Жакшы Кабар
30Эми, эмне дейли? Акталууну издебеген башка элдер Кудай алдында ак деп табылды. Алардын акталганы – ишенимден. 31Тоорат мыйзамы аркылуу акталууну издеген Ысрайылдын болсо аны аткарууга кудурети жетпеди. 32Бул эмне үчүн ушундай болду? Анткени алар ишенимге эмес, кылган иштерине таянып алышкан эле. Ошентип, Ысрайылдын буту кедерги ташка чалынган экен. 33Ыйык Жазууда айтылгандай,
«Мына эми Сион аттуу шаарыма
Мен таш коём, чалынткыдай көптөрүн,
Дагы көбүн кулаткыдай. Бирок да
Уят болбойт ага ишенген адамдар».#9:33 Ыш. 8:14; 28:16.
Currently Selected:
Римдиктерге 9: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018