Римдиктерге 10
10
1Боордоштор, Ысрайыл элинин куткарылышын ушунчалык эңсеп, бул жөнүндө Кудайга жалынып сыйынып жатам. 2Алардын Кудайга жагууга бүт дитин койгондоруна мен күбөмүн. Бирок буга кантип жетишүүнү алар билишкен жок. 3Адамдардын акталышына Кудай кандай жол сызып койгонун билишпеген алар буга өз жолу менен жетүүгө далалаттанып, Анын белгилеген акталуу жол-жобосуна баш ийбей келүүдө. 4Өзүнө ишенген ар кимди Кудай алдында ак кылыш үчүн Машаяк Тоорат мыйзамын аткаруу талабын жоюп таштады.
Куткарылуу – баары үчүн
5Тоорат мыйзамын аткарып акталуу жөнүндө Муса мындай жазган: «Мыйзамдын жол-жоболорун аткарган адам алар аркылуу өмүргө ээ болот».#10:5 Леб. 18:5. 6Ал эми ишеним аркылуу акталуу жөнүндө төмөнкүлөр жазылган: «Өзүңдөн: „Көккө ким чыкмак эле?“#10:6 Мыйз. 30:12. – башкача айтканда, „Машаякты жерге ким алып келмек эле?“ – деп сурабай эле кой. 7„Жердин түпкүрүнө ким түшмөк эле?“#10:7 Мыйз. 30:13. – башкача айтканда, „Машаякты өлгөндөрдөн ким алып келмек эле?“ – деп суроонун да кажети жок». 8Бул тууралуу Ыйык Жазууда мындай делген:
«Кудайдын Сөзү жаныңда –
Оозуңда жана дилиңде».#10:8 Мыйз. 30:14.
Бул сөз – биз жар салып жүргөн ишеним жөнүндөгү кабар. 9Башкача айтканда, Ыйсанын Эге экенин мойнуңа алып, дилиңден Кудай Аны өлгөндөн тирилткенине ишенсең, куткарыласың. 10Анткени дилинен ишенген адам – акталат; оозу менен ачык айтып моюндаган адам – куткарылат. 11Ыйык Жазуу айткандай, «Ага ишенген адам уятка калбайт»#10:11 Ышая 28:16.. 12Бул иудейлерге да, иудей эместерге да тийиштүү. Бардыгынын Эгеси бир, Өзүнө кайрылгандардын баарына Ал ак батасын мол берет. 13Анткени, жазылгандай, «Эгебиздин ысмын чакырган ар ким куткарылат».#10:13 Жайыл 2:32.
14Бирок Ага ишенбегендер Анын ысмын кантип чакырышат? Ал жөнүндө укпагандар Ага кантип ишенишет? Кабар алып келген бирөө болбосо, кантип угушат? 15Жиберген эч ким жок болсо, кантип кабар жеткиришет? Ыйык Жазууда мындай деп жазылган:
«Жакшы Кабар таратылып жатканын
Көрүп турсаң, кандай сонун бул өзү!»#10:15 Ышая 52:7.
16Бирок Жакшы Кабарды баары эле кабыл албады. Бул тууралуу Ышая пайгамбар:
«Бизден уккан Сөзүңө,
Эгем, кимдер ишенди?»#10:16 Ышая 53:1.
деген экен. 17Ошентип, ишеним – кабар угуудан, кабар угуунун өзү болсо Машаяктын Жакшы Кабарын жар салуудан келет.
18Анда мындай собол таштайын: эврейлер, эмне, кабарды укпай калышты беле? Албетте, угушкан! Анткени, жазылып тургандай:
«Үндөрү жер жүзүнө жаңырганда,
Сөздөрү жетти дүйнө четтерине».#10:18 Забур 18:4 – 5.
19Дагы да сурайын: эмне айтылганын Ысрайыл түшүнбөй калды беле? Муса буга биринчи болуп жооп берген:
«Эл болбогон калк менен
Кызгантамын силерди;
Акылы жок эл менен
Кыжырлантам силерди».#10:19 Мыйз. 32:21.
20Ышая болсо тайманбай, андан да ачык айтат:
«Мени издеп көрбөгөн
Элдер Мени табышты;
Мени сурап көрбөгөн
Элдерге Мен көрүндүм».#10:20 Ышая 65:1.
21Ысрайыл туурасында болсо ал мындай дейт:
«Бир күн кечке күттүм, созуп колумду,
Тилим албай, каршы чыккан элимди».#10:21 Ышая 65:2.
Currently Selected:
Римдиктерге 10: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: