YouVersion Logo
Search Icon

1 Корунттуктар 1

1
Саламдашуу
1Кудайдын амири менен Машаяк Ыйсанын элчиси болууга дайындалган Пабылдан жана боордошубуз Состенден 2Кудайдын Корунт шаарындагы жыйынына, Ал ыйык эли болууга чакырып, Машаяк Ыйса менен тыгыз байланышы аркылуу Өзүнө тандап алган корунттуктарга, ошондой эле кайда болбосун биздин да, алардын да Эгебиз болгон Ыйса Машаяктын атын оозанып табынгандардын баарына дубай салам.
3Ылайым Кудай Атабыз менен Эгебиз Ыйса Машаяк баарыңарга ырайым кылып, тынччылыгын берсин.
Ыраазычылык келтирүү
4Силер үчүн жана Машаяк Ыйса аркылуу силерге көрсөткөн ырайымы үчүн мен Кудайыма дайыма ырахматымды айтып турам. 5Анткени Ал Машаяк менен тыгыз алакада болгон силерди ар тараптан: бардык сөзүңөр менен билимиңерде байытып отурат. 6Машаяк тууралуу кабардын чындык экенин жашооңор ырастап, 7Эгебиз Ыйсанын кайтып келишин чыдамсыздык менен күтүп жаткан силерге Кудай канча деген рухий касиеттерди ыроолоду. 8Эми Эгебиз Ыйса Машаяк Өзү кайткан күнү силердин кынтыксыз болууңар үчүн ишенимиңерди аягына чейин бек сактоого кубат берет. 9Силерди Өз Уулу, Эгебиз Ыйса Машаяк менен мамилелеш болууга чакырган Кудай ишенимдүү.
Жыйындагы ич ара бөлүнүүлөр
10Бир боорлорум, Эгебиз Ыйса Машаяк берген бийлик менен силерди өз ара ынтымакка чакырам! Ич ара бөлүнүп-жарылбай, андан көрө, бир ойго, бир пикирге келип, биримдикте болгула. 11Себеби, боордошторум, Кылайдын үй-бүлөсүнөн мен араңардагы жаңжалдар тууралуу угуп калдым. 12Айтайын дегеним, бириңер «Пабылдыкымын» десеңер, башкаңар «мен Аполдукумун» дейт экенсиңер, дагы бириңер «Мен Петирдикимин» десеңер, башкаңар «мен болсо Машаяктыкымын» деп жүрүпсүңөр. 13Андай болсо, эмне, Машаяк бөлүнүп кеткенби? Же силер үчүн айкаш жыгачка керилген Пабыл беле? Же сууга силер Пабылдын үмөтү болдук деп чөмүлгөнсүңөрбү?
14Крисп менен Гайдан башка эч кимиңерди чөмүлдүрбөй калганым үчүн Кудайга тобо. 15Эми силерди менин урматыма чөмүлүштү деп эч ким айта албайт. 16(Ырас, Степан менен анын үй-бүлөсүн да чөмүлдүрүүдөн өткөргөнүм бар. Андан башка дагы кимдир бирөөнү чөмүлдүргөнүм эсимде жок.) 17Машаяк мени чөмүлдүрүүгө эмес, Жакшы Кабар таратууга, болгондо да адамдык акылмандыктан чыккан сөздөр менен эмес, Машаяктын айкаш жыгачтагы өлүмүнүн кудурети менен таратууга жиберген.
Машаяк – Кудайдын кудурети менен акылмандыгынын өзү
18Машаяктын айкаш жыгачка кадалып өлгөнү жөнүндөгү кабарды апат болуп бараткандар акылсыздык деп эсептешсе, куткарылып жаткан биз үчүн бул кабарда Кудайдын кудурети катылган. 19Ыйык Жазууда мындай деп айтылган:
«Мен даанышмандардын даанышмандыгын,
Акылдуулардын акылдуулугун жокко чыгарам».#1:19 Ышая 29:14.
20Андай болсо, жанакы даанышмандар менен дин устаттары, ушул замандын айтышка чыгар чечендери кайда калды? Кудай бул дүйнөнүн акылмандыгы чындыгында жеткен акылсыздык экенин ачыктан ачык көрсөттү.
21Өз даанышмандыгы менен Кудай бул дүйнөнүн эң бир жеткен акылмандары да Аны өз акылы менен тааный албасын билген. Андыктан Ал Өзүнө ишенгендерди биз таратып жүргөн жана башкалар тарабынан «акылсыз» делинген Жакшы Кабары аркылуу куткарууну туура тапты. 22Себеби иудейлерди керемет-жышаандар, башка улуттагыларды акылмандуулук гана чындыкка ынандыра алат. 23Биз болсо Машаяктын айкаш жыгачка керилип өлгөнүн жар салып жатабыз. Бир жагынан, иудейлер буга ишене алышпаса, экинчи жагынан, башка улуттагыларга бул келесоолуктай көрүнөт. 24Бирок Кудай Өзүнө чакырып алган иудейлер үчүн да, башка улуттагылар үчүн да Машаяк – Кудайдын бизге көрсөткөн кудурети менен акылмандыгы. 25Анткени Кудай акылсыз көрүнгөн күндө да адамдардан акылдуу, алсыз көрүнгөн күндө да адамдардан кудуреттүү.
26Боордошторум, эстесеңер, Кудай чакырып алганга чейин силер ким элеңер? Араңарда адамдык көз караш менен алганда, акылдуу же кудуреттүү же кадыр-барктуу болгондор көп беле? 27Бирок Кудай адамдар акылсыз дегендерди тандап алып, акылмандарды уятка калтырды, алсыз делингендерди тандап алып, беделдүүлөрдү уятка калтырды. 28Кудай бул дүйнөдөгүлөр барктагандарды жокко чыгаруу үчүн алар теңине албай, кордоп, түккө турбайт деп эсептегендерди тандап алды. 29Ошондуктан эч кимдин Кудай алдында мактангыдай жөнү жок. 30Ал эми бизди Кудай Машаяк Ыйса менен биримдикке алып келип, Ал биз үчүн Кудай акылмандыгынын башаты болуп калды. Бизди Кудай алдында актап, Анын ыйык эли кылып, күнөөдөн куткарган – Машаяк. 31Ошентип, Ыйык Жазууда айтылгандай, «мактангысы келген адам Эгебиздин иштери менен мактансын».#1:31 Жер. 9:24.

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in